Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Кыргызстандын 4 облусунда малдын шарп ылаңы катталууда


Кыргызстанда малдын шарп ылаңы катталган учурлардын саны өсүүдө. Бүгүнкү күнгө карата төрт облуста бул ылаң катталууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Мамлекеттик ветеринария департаментинин жетекчисинин орун басары Аликбек Садыков билдирди. Анын айтымында, былтыркыга салыштырганда быйыл бул ылаң көбүрөөк катталууда. Учурда Чүйдүн бардык сегиз районунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Тоң райондорунда, Нарындын Кочкор, Жумгал, Нарын райондорунда жана Жалал-Абаддын Тогуз-Торо, Токтогул райондорунда бул оору бар.

Шарп ача туяктуу малдын ылаңы. Анын 7 козгогучу бар. Кыргызстанда 2 тиби катталууда. Эмдөө жыл башында жүргүзүлгөн. Ошого карабастан учурда 4 облуста малга бул ылаң жукканы аныкталды. (AzK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG