Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Европанын лидерлери карыз кризисин жоюу боюнча планды макулдашты


Бүгүн эртең менен Брюсселде жарыяланган план, француз президенти Николя Саркозинин айтымында, Греция карызынын 50 пайызын кечүүнү карайт. Бул 100 миллиард еврого турат.

Евробримдиктин президенти Херман Ван Ромпөй билдиргендей, бул пландын натыйжасында 2020-жылга карата Грециянын карызы Улуттук дүң өндүрүштүн 120 пайызына түшөт.

Азыр бул көрсөткүч 180 пайызга барабар. Евробиримдиктин президентинин айтымында, еврозона жана Эл аралык валюта кору Грецияга кошумча 100 миллиард евро насыя ажырата турган болду.

Бул макулдашуу жарыялангандан кийин Европанын каржы базарларында бүгүн эртең мененки соодада акциялардын баасы акыркы он эки аптадагы эң жогорку чекке чыкты, евронун курсу дагы өсүп, бир евро бир доллар кырк центке бааланды.

XS
SM
MD
LG