Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Талиптер НАТОнун инженердик базасына кол салды


Талиптер Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында НАТОнун инженердик-курулуш базасына чабуул жасады. Ооган полициясынын билдиришинче, граждандык курулуштарга көмөктөшчү базага үч же төрт согушчан кол салган. НАТО жетектеген аскердик жана граждандык инженерлердин командасы Ооганстанда ар кандай обьектерди курууга көмөктөшөт.

НАТОнун өкүлү чабуулда бир жаран жана бир ооган аскер жараат алганын билдирди. Ооган полициянын өкүлүнүн сөзүнчө, коопсуздук күчтөрү төрт сааттык аткылашуудан кийин үч кабаттуу курулуштун ичиндеги согушчандарды жок кылышкан.

XS
SM
MD
LG