Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:26

БШК 725 эл аралык байкоочуну каттады


Кыргызстандын президентин шайлоого көз салуу үчүн 47 эл аралык уюмдун жана 56 чет өлкөнүн атынан 725 эл аралык байкоочу БШКда расмий катталды. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы кабарлады. Ошол эле мезгилде ЕККУнун 67 байкоочусун каттоодон документтери так эмес деген негиз менен БШК баш тартты. Мындай жагдай тынчсыздандырып жатканын, аталган байкоочударга таандык тиешелүү документтер БШКга кошумча берилгендигин кечээ ЕККУнун медиа өкүлү Иван Гадарский "Азаттыкка" билдирген. Шайлоо 30-октябрда болот. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG