Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:28

29-октябрга карата аба ырайы


Аба ырайы
29-октябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын мол жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,
Талас облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1,
Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 0...5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3 градус, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3.
Тоолордо түнкүсүн -10...-15 градус, ал эми күндүз -3...-8.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак болот. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 5...7 градус суук, күндүз 1 градус суук ... 1 градус жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG