Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

ЕККУнун катталбай калган байкоочулары бүгүн катталды


ЕККУнун катталбай калган 67 байкоочусу бүгүн катталды. Бул тууралуу БШКдан кабарчыбыз Кубат Касымбеков билдирди. Аталган эл аралык байкоочулар бул жолу документтерин талапка ылайык даярдап келишкендиктен, текшерүү жүргүзүлүп, каттоого алуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Документтери так эмес деген негиз менен ЕККУнун 67 байкоочусун каттоодон БШК баш тарткан. Мындай жагдай тынчсыздандырып жатканын, аталган байкоочударга таандык тиешелүү документтер БШКга кошумча берилгендигин кечээ ЕККУнун медиа өкүлү Иван Гадарский "Азаттыкка" билдирген. Шайлоо 30-октябрда болот. Ошентип, президенттик шайлоого көз сала турган эл аралык байкоочулардын саны 792 болду. (KKs/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG