Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Ысык-Көлдө шайлоо коопсуздугун 2,5 миң адам көзөмөлдөйт


Ысык-Көл облусунда шайлоо коопсуздугун 2,5 миң адам көзөмөлдөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Руслан Балапанов билдирди. Анын айтымында, шайлоого карата облус боюнча 482 милиция кызматкери жана элдик кошуундардын 2 107 ыктыярчысы коомдук тартиптин сакталышына көзөмөл кылып турушат. Ар бир шайлоо участогунда экиден милиционер жана ондон элдик кошуунчу күзөттө болот. Дагы 367 милиция ардагери өз демилгеси менен коомдук тартиптин сакталышына көзөмөл кылмай болушту. Облуста 241 шайлоо участогу бар. Мындай маалымат көлдүк кабарчыбыз Мария Колесниковадан алынды. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG