Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Германия Кыргызстандын айылдарына 7,5 миллион евро берди


Германия өкмөтү Кыргызстандын айылдарында жашаган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга, алардын чарбалык иштерин өнүктүрүүгө 7,5 миллион евро бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн Германия өнүгүү банкынын Бишкектеги кеңсесинен кабарлашты. Бекер берилген бул акчаны айыл тургундары жергиликтүү банктардан жана микрокредиттик компаниялардан насыя түрүнө ала алышат. Соңку 19 жылдын ичинде Германия өкмөтү Кыргызстанга 210 миллион евро бөлүп берген. Кыргызстандын калкынын көпчүлүк бөлүгү айылда жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү кедей. (RK)

XS
SM
MD
LG