Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

НАТО Ливиядагы согуштук операциясын токтотот


НАТОнун жетекчиси Ливиядагы операциялар 31-октябрда бүтөрүн жарыялады. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бүгүн "альянс өзүнүн аскердик милдетин аткарганын" билдирди.

Ливиянын жаңы бийликтери НАТОдон аскерлерин калтырып, чек араларды кайтарууга жана мыйзамсыз миграция менен күрөшкө көмөк көрсөтүүсүн сураган. Бул өтүнүчкө НАТОнун кандай жооп берээри али белгисиз. Мунун алдында Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ливиянын мурдагы жол башчысы Муаммар Каддафинин өлүмүнөн кийин НАТОнун Ливиядагы операцияларын токтотууну колдоп добуш берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG