Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

НАТО: Ливиядагы согуштук операция ийгиликтүү болду


НАТОнун жетекчиси Ливиядагы операциялар 31-октябрда бүтөөрүн жарыялады. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бүгүн “алянс өзүнүн аскердик милдетин аткарганын билдирди:

– “Бириккен Колдоочу” деп аталган операция НАТОнун тарыхындагы эң бир жемиштүү операциялардын бири болуп калды. Биз бул татаал операцияга мурдагыдай создуктурбай кириштик. Аймактагы жана башка жактардагы көптөгөн шериктер менен бирдикте тез, ийкемдүү жана тактык менен аракеттендик. Эми биз аны баарын ойлонуп туруп, көзөмөл алдында бүтүрүп жатабыз, себеби биздин аскердик ишибиз аягына чыкты.

Ливиянын жаңы бийликтери НАТОдон аскерлерин калтырып, чек араларды кайтарууга жана мыйзамсыз миграция менен күрөшкө көмөк көрсөтүүсүн сураган. Бул өтүнүчкө НАТОнун кандай жооп берээри али белгисиз. Мунун алдында Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Ливиянын мурдагы жол башчысы Муамер Каддафинин өлүмүнөн кийин НАТОнун Ливиядагы операцияларын токтотууну колдоп добуш берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG