Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Павлюктун өлүмү боюнча соттолгон киши оозун тигип алды


Кыргызстандык журналист Геммадий Павлюктун өлүмү боюнча кесилген Шалкар Уразалин сот өкүмүнө нааразы болуп, оозун тигип алды. Уразалиндин адвокаты Айгүл Эрбулабеков ал ошондой эле ачарчылык жарыялаганын кошумчалады. Адвокат Уразалин менен Алматыдагы нр. 1 камак жайында жолукканда анын оозу тигилүү экендигин көргөнүн "Азаттыктын" Казак кызматына билдирди.

Нааразылык билдирүүнүн бул өзгөчө түрү болгондугун анын аялы Гүнай Уразалина жана Алматы боюнча кылмыш-аткаруу системасынын комитетинин өкүлү Ирина Якубова бышыктады. Адвокат Айгүл Эрбулабекова Уразалиндин күнөөсү далилденбегендигин жана кургак учук менен оору экендигин кошумчалады. Геннадий Павлюк 2009-жылдын декабрында Алматыда алтынчы кабаттан колу-буту байланган бойдон кулап түшкөндөн кийин каза болгон.

Ушул айда Алматы сотунда казак жараны болгон Уразалин 11 жылга эркинен ажыратылган. Аны менен катар кылмышты уюштурган деп табылган Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Алдаяр Исманкулов 17 жылгa, кылмыш жасоого катышкандыгы үчүн дагы бир казак жарандары Алмаз Игиликов 10 жылга кесилген. JCH

XS
SM
MD
LG