Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

ИИМ: Түштүктө кырдаал көзөмөлдө


Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов бүгүн журналисттерге билдиргени боюнча, кырдаал толугу менен көзөмөлдө, бардык милиция кызматкерлери 25-октябрдан бери күжүрмөн даярдыкта иштеп жатышат.

Асановдун айтымында, ар кандай чагымдарга жол бербөөгө милициянын күчү жетет. Курсан Асановдун маалыматы боюнча Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы, Ош шаарындагы 1177 шайлоо участогунда добуш берүү жараянына көз салуу жана коомдук тартипти сактоо милдети 2793 милиционерге жүктөлгөн.

Жалпысы болуп аймактагы кырдаалга 4135 күч кызматкери жана элдик кошуундун 7297 мүчөсү тартылган.

Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. Ага 16 талапкер катышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG