Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Шайлоо күнү Ошто тартип катуу болору эскертилди


Шайлоо күнү Ош шаарында катуу тартип болорун жана административдик кысым жасоого жол берилбесин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов эскертти. Ал бүгүнкү кайрылуусунда өлкөнүн өнүгүшү жана саясий кырдаалдын туруктулуугу шайлоонун акыйкат, таза жана адилет өткөрүлүшүнөн да көз каранды деген пикирин билдирген.

“Ошондуктан мамлекеттик бийлик шайлоочулардын эркин жана көз карандысыз добуш берүүсүнө бардык шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү”,-деп айтылат мэрдин билдирүүсүндө.

Мелис Мырзакматов шайлоочуларды бөлүнүп-жарылуудан алыс болуп, административдик кысымга баш бербей, добуштарын сатпай, жарандык милдетин так аткарууга чакырган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG