Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, кечээ кечинде Ысык-Көл облусунда эки жолу жер титирөө катталды. Алгач саат 19:37де жер силкинип, анын күчү очогунда 4,5 баллга жеткен. Очок Чолпон-Ата шаарынан түштүк-чыгышты карай 45 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-батышты көздөй 75 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-чыгыш тарапка 240 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул силкинүүнүн күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Кызыл-Суу шаарчаларында 3,5 балл, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында 3 балл болгон.
Ушул эле аймакта жер титирөө саат 22:12де да кайталанган. Анын очогу Кажы-Сай шаарчасынан түштүк-чыгышты карай 30 чакырым, Бөкөнбаев шаарчасынан түштүк-чыгышты көздөй 45 чакырым, Балыкчы шаарынан түштүк-чыгышты тарапка 125 чакырым жана Чолпон-Ата шаарынан түштүк-чыгышка 85 чакырым алыстыкта жайгашып, күчү 3,5 баллды түздү. Соңку жер титирөөнүн күчү Кажы-Сайда 3,5 бал, Бөкөнбаев, Кызыл-Суу жана Оргочор айылдарында 3 бал, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында 3 баллга чейин сезилди. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. (KKs)