Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан төрт адам набыт болду


Бүгүн Кабулда НАТОнун аскерлеринин колоннасы баратканда жанкечти аларга жакын жерде өзүнүн унаасын жардырып жиберген. Ооганстандын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, жергиликтүү үч тургун жана бир полисмен көз жумду. НАТО болсо эл аралык аскер күчтөрдүн "бир топ өкүлү" жабыр тартканын билдирди, бирок толугураак маалымат айта элек.

Окуя бүгүн күндүз шаардын түштүк-батышында болгон. Ошол эле маалда Кунар провинциясында ооган чалгындоо кызматынын бөлүмүндө бир аял-жанкечти өзүн жардырып жиберди. Имаратты кайтарган эки киши жаракат алганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG