Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Сириядагы атышууларда кеминде 17 аскер көз жумду


Хомско жакын жайгашкан Хула шаарындагы демонстрация, 24-октябрь, 2011
Хомско жакын жайгашкан Хула шаарындагы демонстрация, 24-октябрь, 2011
Өлкөнүн аскер күчтөрү Хомс шаарында кечээги атышуулардан кийин тазалоо операциясын жүргүзүп жатышканы айтылууда. Кечээ кечинде бул шаарда “дезертирлер болушу мүмкүн” делген куралчан топ эки блокпостко кол салып, 17 аскерди өлтүргөн. Сириялык адам укугун коргоочулардын айтымында, жума күнү Хомс жана Хама шаарларында демонстрацияларды басыш үчүн жүргүзүлгөн операцияда 40дай адам өлгөн.

Ал арада Арап лигасы өлкөнүн президенти Башар ал-Ассадка кайрылып, жети айдан берки зордук-зобунду тезинен токтотууну талап кылды. Арап министрлери эртең сириялык расмий өкүлдөр менен Дохада жолугушмакчы. Өкмөткө каршы алкактуу демонстрациялар бул өлкөдө мартта башталган. Ошондон бери, Бириккен улуттар уюмунун кабарына караганда, кандуу кагылыштарда өлгөндөрдүн саны 3 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG