Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан НАТОнун 13 аскери курман болду


Бүгүн Кабулда НАТОнун аскерлеринин колоннасы баратканда жанкечти аларга жакын жерде өзүнүн унаасын жардырып жиберген. Андан эл аралык аскер күчтөрүнүн 13 өкүлү мүрт кетти.

Мындан мурдараак Ооганстандын Ички иштер министрлиги жергиликтүү үч тургун жана бир полисмен да ушул окуяда көз жумганын айткан. Окуя бүгүн күндүз шаардын түштүк-батышында болгон.

Ошол маалда Кунар провинциясында ооган чалгындоо кызматынын бөлүмүндө бир аял-жанкечти өзүн жардырып жиберди. Имаратты кайтарган эки киши жаракат алганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG