Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Сирияда кайрадан кагылышуулар болду


Сирияда куралдуу күчтөрдүн аскерлери менен дезертирлер делинген адамдардын ортосунда кагылышуу болуп, 20 жоокер өлүп, 50дөн ашууну жараат алды. Сириядагы адам укуктарынын абалына байкоо салган уюмдун маалыматына караганда, окуя кечээ Хомс чөлкөмүндө болгон.

Ошол эле аймакта бери дегенде 12 киши көзгө атаарлардын жана автоматчандардын огунан набыт кетишти. Дагы бир нече адамды коопсуздук аскерлери үйлөрүнөн өлтүрүп кетишкенин укук коргоочу уюм билдирди.

Ал аралыкта Сириянын президенти Башар Ассад Британиянын Sunday Telegraphe гезитине интервью берип, Батыш державалары Сирияга басып киришсе, бул - Жакынкы Чыгышты кыйрата турган "жер титирөөгө" алып келет деди.

XS
SM
MD
LG