Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Босния менен Сербия АКШ элчилигине кол салууну иликтешүүдө


Босния жана Сербия АКШнын Сараеводогу элчилигине болгон кол салууну биргелешип териштиришүүдө. Серб полициясы терактка байланыштуу Санжак аймагындагы экстремисттик Ислам уюмунун мүчөлөрү деп шектелген 17 кишини кармады. Жума күнү америкалык элчиликке кол салган адам Санжактын борбор шаары Нови Пазардын тургуну Мевлид Язаревич экени маалымдалган. Сербия бийлигинин ырастоосунда, ал вахабилердин жолдоочусу. Теракттан бир полициячы жана кол салган адам жарадар болгон. Элчиликтин кызматкерлери жабыркашкан жок.

XS
SM
MD
LG