Саат 9га алынган малымат боюнча, шайлоочулардын эң жогорку активдүүлүгү Чүй облусунда байкалууда. Аталган облуста саат 9га чейин баардык шайлоочулардын 4,39 пайызы, башкача айтканда, 21 375 шайлоочу келип, өз добуштарын беришти. Эң пассивдүү Ош шаары болууда. Ал жерде саат тогузга чейин шайлоочулардын 1,23 пайызы добуш берди. Мындай маалымат "Шайлоо" системасынан алынды. (RK)