Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Талас: Тизмеден өзүн таппаган шайлоочулар көп болууда


Облустагы кабарчыбыз Мирбек Айтикеев Талас шаарындагы №6113 шайлоо участкасына барган кезде тизмеден өзүн таппай кеткендер көп болуп жатканын байкаганын айтты. Талас шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Канайым Сайдалиева мындай учурлар башка добушканаларда да бар экенин, бирок буга шайлоочулардын өздөрү күнөөлүү деп билдирди. “20-октябрга чейин ар бир шайлоочу тизмеде бар же жок экенин келип тактап кетиши керек болчу”, - дейт Сайдалиева. (EBM)

XS
SM
MD
LG