Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Бишкек: Тизмеден өзүн таппаган шайлоочулар көп болуп жатат


"Мындай абал ар бир шайлоо участогунда болуп жатат", - деп билдиришти "Азаттыкка" Бишкектеги №1120 шайлоо участогунан. Аталган шайлоо участогу боюнча добуш бергени барган Марбүбү Акматова шайлоого катышууга чакыруу кагазы келгенин, бирок добуш бергени барса тизмеде жок болуп чыкканын "Азаттыкка" билдирген. Анын айтымында, "тизмени бир сааттай текшеришти, бул учурда дагы 11 киши өзүлөрүн тизмеден таппай, добуш бере албай кетишти".

№1120 шайлоо участогунан билдиришкендей, мыйзамга ылайык, 19-октябрга чейин тизмени тактоо жүрдү. Бул күнгө чейин тизмеге киргизүү арызы кимден түшсө, БШКга жиберилди. Учурда добуш берүү БШК түзүп жиберген тизме боюнча жүрүп жатат. Аймактык комиссия аны түзүүгө катышкан жок. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG