Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Ташиев паспортун унутуп калганы үчүн Жумгалда добуш бербей калды


“Ата-Журт” партиясынан талапкер Камчыбек Ташиев Нарындагы Жумгал районунун Арал айылына атайын добуш бергени барып, бирок паспортун унутуп калгандыктан шайлоого катыша албай калганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тоо-таштын арасында Арал сыяктуу каралбай калган айылдарга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн атайын ушул жакка келген.

Ташиев буга чейин үгүт маалында Алмазбек Атамбаевдин командасы административдик күч колдонду, мындай мыйзам бузуулар шайлоодон соңку туруктуулукту бузушу мүмкүн деп билдирген. Атамбаевдин штабы мындай айыпты четке каккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG