Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Ош: Добуш бербей калгандар нааразы болууда


Ош шаарында бир катар шайлоо участоктордо тизмеден өзүн таппай добуш бербей калгандар нааразы болууда. Бул тууралуу аймактагы кабарчыбыз Мухаммедали Токтокунов билдирди. Анын айтымында, Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиева добуш бере албай калгандар тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөөрүн билдирди.

Тизмеден өзүн таппагандар бардык аймактардагы шайлоо участкаларында кездешүүдө. Бишкекте БШКнын алдында он чакты адам нааразылык акциясына чогулганы кабарланды. (EBM)

XS
SM
MD
LG