Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Президенттин уулу шайлоо комиссиясына арызданат


Президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов аймактык шайлоо комиссиясына арызданмай болду. Ал twitter аркылуу тараткан маалымат боюнча, добуш берейин деп барса, тизмеде жок болуп чыккан. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" да билдирди. Садыбакасовдун айтымында, ушул эле добушканадан белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин да тизмеде жок экени белгилүү болду.

Тизмеде жоктугуна байланыштуу добуш бере албай калгандардын арасында коомдук ишмер Азимбек Бекназаров да бар экени айтылып жатат айрым интернет-булактарды.

Шайлоочунун колунун баш бармагына коюлган сыя белгинин өчүп калганы жана шайлоочулардын тизмеде жок болуп чыкканы бүгүнкү күндүн орчундуу жана массалык мүнөздөгү көйгөйлөрү болуп жатканы "Азаттыкка" келип жаткан билдирүүлөрдөн, маалымат булактарынан жанан БШКнын расмий билдирүүлөрүнөн маалым болууда. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG