Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Москва: Добуш бере албай нааразы болгондор көп


Бул тууралуу Москвадагы кабарчыбыз Аида Касымалиева Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинен билдирди. Анын айтымында, тизмеден өзүн таппай калгандар көп болууда жана мурда катталбаган адамдар да шайлоого келип добуш бере албай калганына нааразычылыгын билдирип жатат.

Кабарчыбыздын маалымдашынча, элчиликте 15,5 миңдей адам каттоодо турат. Былтыр парламенттик шайлоодо 6 миңдин тегерегинде болчу. Шайлоочулар саны бир аптанын ичинде кескин көбөйгөн. Жаңы мыйзамга ылайык чет жерлердеги шайлоо бекеттериин саны азайгандыктын, Орусияда үч жерде добушкана ачылды. Былтыр парламенттик шайлоодо Москванын өзүндө эле үчөө уюштурулган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG