Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

Жарандык коом өкүлдөрү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгын беришти


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы көчмө добуш берүүгө жана участоктордун ачылышына байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы туурасында алдын ала маалымат берди. 29-октябрда болгон көчмө добуш берүү учурунда сыя белгинин коюлбай калышы, көчмө үкөктөрдүн тиешелүү түрдө чапталбаганы, шайлоочулар тиешелүү документсиз добуш берген фактылары катталган. Бүгүн бир шайлоо участокто үкөктү чаптоого байкоочулар катышпаганы, кайра добуш берүүгө аракет болгону, бир эле шайлоочуга бир нече бюллетендин берилиши сыяктуу фактылар катталды. Мындан тышкары сыя белгинин оңой эле өчүп жатканы, Улуттук университетте студенттердин добуш берүүсүн көзөмөлдөп жаткан адамдар бар экени айтылууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG