Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

БШКга жазуу түрүндө 55 кайрылуу түштү


Бул тууралуу «Азаттыкка» Боршайкомдун төрага орун басары Айнура Шайымкулова билдирди. Анын айтымында, бул кайрылуулардын көпчүлүгү тизмеден өз ысымдарын таппай калган жарандардан түшкөн. Тизмеге байланыштуу телефондук чалуулар да көп болууда. Мындай чалууларга БШК мүчөлөрү жооп берүүдө. Бул арыздар Боршайкомдо жакынкы күндөрү каралып чыгып, ката кетирген аймактык, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө чара көрүлмөкчү. БШК маалыматы боюнча, шайлоочуларды массалык түрдө ташуу боюнча конкретүү фактылар каттала элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG