Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Түндүк-Чыгыш Америкада жүз миңдеген үй жарыксыз калды


АКШнын түндүк-чыгышындагы адаттан тышкары эрте түшкөн кардан жана бороондон жарым миллионго чукул үйлөрдө жарык өчтү. Си-Би-Эс сыналгысына ылайык, Пенсилвания штаты айрыкча жапа тартты. Мында 160 миң үй караңгыда калды.

Коннектикут, Нью-Йорк, Мэриландда да электр жарык өчкөнү кабарланууда. Бороон-чапкын коркунучу тууралуу бардыгы болуп 12 штатка эскертүү берилди. Улуттук Аба ырайы кызматы бороон жекшембиге чейин түндүк-чыгышта кеңири аймактарды каптаарын эскертти. Нью-Йорк шаарында кечээ түштөн кийин үч сантиметр кар түштү, бул - октябр айы үчүн 1869-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG