Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:38

Добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары чыга баштады


БШКнын маалыматы боюнча алгачкы 33 шайлоо участкасынан түшкөн алдын-ала маалыматтарга караганда, президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев 74,49 пайыз добуш менен алдыда келатат. Андан кийинки орунда Камчыбек Ташиев 12,95 пайыз, Адахан Мадумаров 7,73 пайыз добуш менен келатат. БШКнын сайтында калган талапкерлер азырынча бир пайызга жетпеген добуш алганы көрсөтүлүүдө. Бул 33 добушкана 2318 шайлоо жайынын бир пайыздан ашыгыраагын түзөт.

Көрсөткүчтөр улам өзгөрүүдө.

Бүгүнкү президенттик шайлоодо 16 талапкер ат салышкан.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG