Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Шайлоо: Алгачкы жыйынтыктар чыга баштады


Ош шаарындагы бир шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуштарды эсептөөдө. 30-октябрь, 2011-жыл
Ош шаарындагы бир шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуштарды эсептөөдө. 30-октябрь, 2011-жыл

БШКнын электрондук тактасы талапкер Алмазбек Атамбаев атаандаштарынан алдыда баратканын көрсөтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясына 2315 добушканадан түшкөн алдын-ала маалыматтарга караганда, талапкер Алмазбек Атамбаев 63,19% добуш (1 млн. ашык добуш) менен алдыда. Андан кийинки орунда Адахан Мадумаров 14,76% добуш (269 миңден ашуун добуш), үчүнчү орунда Камчыбек Ташиев 14,33% добуш (261 миңге чукул добуш) менен келатат.

БШКнын электрондук эсептөө сайты калган 13 талапкер азырынча бир пайызга жетпеген добуш алганы көрсөтүүдө. Бул 31-октябрь, саат кечки 5ке карай маалымат.

2315 шайлоо участогу жалпы 2318 добушкананын 99,87 пайызын түзөт.

Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы бүгүн айтылаары күтүлүүдө, ал эми толук жыйынтык мыйзам боюнча 20 күндүн ичинде чыгышы керек.

Кыргызстанда бүгүнкү президенттик шайлоо жалпы жонунан тынч, өтө одоно мыйзам бузууларсыз өткөнү кабарланды. Бирок шайлоочулардын бир тобу өздөрүн тизмеден таппай калышы нааразылыктарды пайда кылууда.

30-октябрдагы добуш берүүгө шайлоочулардын жарымынан ашыгы, тизмедеги 3 миллион 30 миңден ашуун шайлоочунун 60 пайыздан ашууну катышканы айтылууда. Кыргызстандыктар бул күнү өлкөнүн төртүнчү президенти үчүн добуш беришти.


Кыргызстанда президенттик шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

XS
SM
MD
LG