Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Коалиция: Бюллетендерди топтоштуруп таштоо фактысы катталды


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы бюллетендерди топтоштуруп таштоо фактылары боюнча бүгүн билдирүү таратты. Мындай учур № 7179 шайлоо участогунда катталган. Аталган жерге коалициянын юристтери барып, факт боюнча БШКга маалымат берилди. Коалиция мындай учурлар масштабдуу мүнөзгө ээ эмес деп үмүттөнөөрүн белгилеген. Ошондой эле ар кандай мыйзам бузууларга байланыштуу бардык тиешелүү органдардан тез арада чара көрүүнү талап кылат.

БШК бюллетендерди дүңүнөн салуу аракети болгондугун моюнга алган. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов кечээ кечинде Сузак районунун Барпы айылындагы шайлоо бекетинде бюллетендерди тобу менен урнага салуу аракети болгондугун билдирген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG