Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

“Ата Журттун” басма сөз кызматы шайлоо жыйынтыгын тааныбастыгын билдирди


Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов билдирди. Анын айтымында, “Ата Журт” партиясы шайлоодо административдик ресурс колдонулганын белгилеп, шайлоочулардын тизмеге кирбей калышын айыптоодо.

Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар шайлоо бекеттеринде мыйзам бузуулар катталганы менен шайлоо таза өткөнүн кабарлап жатат. Ушул маалда эл аралык жана жергиликтүү уюмдар байкоолорунун жыйынтыгы менен тааныштырууда.

БШКнын автоматташтырылган шайлоо системасына келип түшкөн соңку маалыматтар боюнча, биринчи орунда Алмазбек Атамбаев (63,18%), экинчиде Адахан Мадумаров (14,71%), үчүнчү орунда Камчыбек Ташиев (14,29%) турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG