Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

"Манасты" ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү үчүн тасма тартууга акча жок


"Манас", "Семетей" жана "Сейтек" үчилтигин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү маселесинде айрым проблемалар бар. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык комитетинин жыйынында айтылды. Аталган тизмеге кирүү арызын толтуруш үчүн бир катар шарттар аткарылышы керек. Анын арасында атайын тасма тартуу талабы да бар. Бирок Кыргызстан мындай тасма тартууга каражат таппай жатканы айтылды. 10 мүнөттүк англис тилиндеги тасманы тартыш үчүн 10-12 миң доллар талап кылынат. (RK)

XS
SM
MD
LG