Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Жалал-Абадда нааразылык акциясы өтүп жатат


Аймактык кабарчыбыздын маалыматы боюнча, бүгүн түш ченде облустук акимчиликтин алдына шайлоо жыйынтыгына нааразылыгын билдирген жүздөн ашуун киши келип, облус губернатору менен жолугушууну талап кылышты. Натыйжада алардын он чакты өкүлүн губернатор кабыл алып, учурда сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланууда. Маалыматка караганда, акциянын катышуучулары президенттик шайлоо адилетсиз өттү деп нааразы болуп жатышат.

ИИМдин басма сөз кызматы түштүк облустарында кырдаал тынч экенин билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG