Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Жалал-Абадда шайлоого нааразы болгондор митингге чыгышты


Ушу тапта Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик аянтында нааразылык акциясы өтүп жатканын кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирет. Обустук администрация имаратынын алдында чогулган адамдардын саны 100-150дөй. Алар саат 11 жарымдан бери чогулуп турушат. Шайлоонун жыйынтыктарына нааразы экенин айтып, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Облус губернаторунун орун басары Жумагүл Эгембердиеванын "Азаттыкка" билдиришинче, шайлоодо административдик ресурс колдонулган жок. Мекемелердин кызматкерлерине тигил же бул талапкерге милдеттүү түрдө добуш берүү боюнча көрсөмө берилген эмес. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG