Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Базар-Коргондо Бишкек-Ош жолу тосулду


Жарым саат мурда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Бишкек-Ош жолу тосулганын кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирди. Бул тууралуу "Ата Журт" партиясынын өкүлү Рашид Сулайманов айтты. Анын маалымдашынча, президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор Бишкек-Ош автожолунун Базар-Коргон районундагы бөлүгүн, тагыраак айтканда, Кара-Үңкүр дарыясына салынган көпүрөдөн тосушту. Чогулгандардын саны миңдей адам экени айтылууда. "Ата Журт" партиясы бул жолку президенттик шайлоого Камчыбек Ташиевди талапкер катары көрсөткөн. БШКнын соңку маалыматы боюнча, ал жалпы шайлоочулардын 14,33 пайызынын добушуна ээ болду. Алдыда Алмазбек Атамбаев келатат. Ага 63,19 пайызы добуш берди. Добуштарды эсептөө аяктайын деп калды. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG