Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Жалал-Абаддагы митингчилер тарап кетишти


Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Азизбек Турсунбаев менен жолуккандан кийин Жалал-Абад облбийлигинин алдына топтолгон 150-200дөй адам тарап кетишти. Бул тууралуу кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирди. Турсунбаев алардын талаптарын БШКга жөнөткөнүн айтты.

Ага чейин митингчилер менен губернатордун орунбасары Жумагүл Эгембердиева жолуккан. Анын айтымында, "президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев үчүн облустагы шайлоочулардын 49 пайызы добуш берген, бул жакшы көрсөткүч, таарынуунун кереги жок, ошондой эле административдик ресурс да колдонулган жок". (YA/RK

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG