Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Атамбаев президенттин бийлигин бекемдөөнү максат кылбайт


Бүгүн кабарчылар менен жолугушууда 55 жаштагы Алмазбек Атамбаев президенттин бийлигин күчөтүүнү каалабай тургандыгын бышыктады. Кечээ күнкү президенттик добуш берүүдө добуштардын басымдуу бөлүгүн алган Атамбаев Кыргызстандын жарандарын диалог түзгөндү үйрөнүүгө үндөдү:

– Мен Европадагыдай сүйлөшө билүүгө көнгөнүбүздү каалар элем. Биз бардык көйгөйлөрдү урушпай, талашпай, өз ара сүйлөшүп чечишибиз керек. Ошондо кайра төңкөрүш болбойт, өлкөдө тынчтык жана бейкуттук өкүм сүрөт.

Өз сөзүндө Атамбаев шайлоодогу башкы атаандаштарынын бири Адахан Мадумаровго былтыр декабрда эле Баткен облусуна губернатор болууну сунуш эткенин белгилеп, "ар бир күчтүү адам өз өлкөсүнө иштей ала турган болушу керек",-деди.

Атамбаев анти-коррупциялык кызмат түзөөрүн, Кыргызстанды инвесторлор менен ишкерлердин бейишине айлантууну максат кылаарын белгиледи. Ал "Манас" аба бекетиндеги америкалык аскер базаны чыгарууну колдоорун да кыйытты жана Орусия Кыргызстандын башкы өнөктөшү бойдон калат деп ишендирди. JCH

XS
SM
MD
LG