Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Атаандаштар кызматташабы?


Президенттик жарышта баарынан көп добуш топтогон Алмазбек Атамбаев президент болуп калса, атаандаштары Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиевди кызматташтыкка чакырат. Мындай пикирин ал журналисттер үчүн уюштурулган 31-октябрдагы брифингде билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин ишениминде президенттик шайлоо бир айлампада, тынч, таза өттү, Кыргызстандын улутка да, аймакка да бөлүнбөс биримдигин далилдеди. Ага жараша реалдуу саясатчылар деп эсептеген Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев өлкөнү бейстабилдүүлүккө түртө турган кадамдарга барбай тургандыгын белгиледи:

- Атаандаштардын көбү “соодагерлер”. Кылмыш ишимди жаап кой, же кызмат бер дегендер. Арасында мына Ташиевдей же Мадумаровдой адамдар аз. Калгандары жөн эле соодагерлер.

Атамбаевдин кызматташтык тууралуу мындай сунушуна аталган талапкерлер кандай карашары азырынча бейдарек. Бирок ушул эле күнү мурдараак уюштурган маалымат жыйындарында аталган эки талапкер тең шайлоо олуттуу бурмаланды деп, жеңген талапкер менен мунасага барбай тургандыгын билдиришкени бар.

Атамбаев болсо журналисттер менен жолугушууда алдыдагы башка пландары менен да бөлүштү. Айткандарына караганда эгер президент болуп калса биринчи иретте ал бийик даражалуу мамлекеттик кызматкерлердин коррупциялык аракеттерине бөгөт боло турган антикоррупциялык кызмат түзөт, эл менен бийлик ортосундагы мамилени жакшыртуу, инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү жаатында чечимдерди кабыл алат. Кыргызстанды улутка эле эмес, аймакка бөлгөндөрдү да жазалоо жоболорунун мыйзамга киргизилишине да кызыкдар.

Президент болуу ыктымалдыгы бар талапкер Кыргызстанда парламенттик башкаруунун болушун, бийлик бутактарынын кеңешип иштешин каалайт, бирок Конституциядагы бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын тактоо зарыл деп эсептейт:

- Конституцияда мага бир гана нерсе жакпайт: ыйгарым укуктар конкреттүү бөлүштүрүлгөн эмес. Ушуну гана тактоо керек.

Тышкы саясатта, эгер Атамбаев президент болуп калса, Орусия менен Кыргызстандын мамилеси стратегиялык өнөктөш катары бекемделет, Бажы биримдигине кирүү жараяны уланат. Ал эми АКШнын Кыргызстанда транзиттик базасынын сакталып калышы күмөн:

- “Манаста” аскерий базанын болгону анча жакшы эмес. Анткени өткөн жылдары Ирак менен согушкан Америка эртең мүмкүн Иран менен согушат. Бир күнү жооп катары бир ракета жөнөтүп койсо, база эмес, Бишкек жок болот да. Ошон үчүн “Манаста” жарандык аба майданы болушу керек.

Мына ушундай билдирүүлөрдү президенттикке талапкерлердин алдыңкы сабында турган Алмаз Атамбаев өзүнө таандык Медиа-форумда чет өлкөлүк жана жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып жасады.
Атаандаштардын көбү “соодагерлер”. Кылмыш ишимди жаап кой, же кызмат бер дегендер.

БШКнын болжолдуу тыянактарына караганда, Атамбаев өз атаандаштарынан чоң ажырым менен алдыга чыгып, 60 пайыздан ашык добуш топтоду. Мындай тыянак ар кандай пикирлерге жем таштап жатат. Маселен, орусиялык талдоочу Аркадий Дубнов 16 талапкер катышкан шайлоодо Атамбаев биринчи эмес, экинчи айлампада жеңишке жетишсе, анын бийлигинин легитимдүүлүгу алда канча күчтүү болмок деп эсептейт.

Президенттик жарышка чыккан 16 атаандаштын ичинен Атамбаевден кийинки орундарга чыккан талапкерлер Адахан Мадумаров менен Камчыбек Ташиев 15 пайызга жакын добуштарга ээ болушту. Шайлоо кодексине ылайык, БШК өзүнүн расмий жыйынтыгын добуш берүүдөн кийин жыйырма күндө чыгарышы керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG