Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Атыраудагы жардырууда бир киши набыт болду


Казак прокурорлору билдиргендей, Каспийдин Атырау портундагы жардыруунун биринде жанкечти өзүн жардырды деп болжолдонууда. Административдик имараттардын жанында орун алган жардыруулардын биринде бир киши ажал тапты.

Жардыруу болгон жерди сүрөткө тартып жаткан жергиликтүү журналист кармалып, кийин кайра койо берилди. Өткөн аптада интернеттеги Youtube видео сайтында мурда белгилүү болбогон исламчыл топ казак бийликтеринен өкмөттүк жайларда намаз ачууга тыюу салган жаңы мыйзамды күчүнөн кетирүүнү талап кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG