Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

НАТО аскерлери Ливиядан кетүүдө


НАТОнун Ливиядагы 7 айлык миссиясы расмий аяктады. Буга байланыштуу Триполиге барган альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен ливиялыктардын көтөрүлүш маалындагы эрдигин, чечкиндүүлүгүн өзгөчө белгиледи:

- Силер тарыхыңарды жана тагдырыңарды өзгөртүү үчүн козголдуңар. Биз болсо силерди коргоого аракеттендик. Биргелешип жеңишке жетиштик. Ливия эми азат болду.

НАТОнун учактары Ливиянын карапайым элин коргоо максатында Муаммар Каддафи жетектеген мурдагы режимдин аскерий объектилерин бомбалап жана абамейкиндигин кайтарып келди. Каддафи 10 чакты күн илгери өлтүрүлгөн.

Ал тапта Ливиянын утурумдук бийлиги жаңы премьер-министр кылып кесиби боюнча электрондук инженер Абдел Рахим эл-Кибди дайындады. Улуттук өткөөл кеңеши бул тууралуу кечээ жарыялады. Академик эл-Киб жакынкы күндөрү кабинеттин курамын жарыялайт деп күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG