Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Мадумаровдун тарапкерлери митингге чыгаарын билдиришүүдө


Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун жер-жерлердеги тарапкерлери шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай тургандарын айтышып, митингге чыгаарын билдиришүүдө. Бул тууралуу Мадумаровдун Ош облусу боюнча штаб жетекчисинин орун басары Маматжан Абдукаримов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, тарапкерлер укуктары бузулганын белгилешип, кайрадан шайлоо өткөрүүнү жана шайлоочулардын тизмесин ирээтке келтирүүнү талап кылышууда.
БШКнын маалыматы боюнча, 30-октябрда өткөн президенттик шайлоодо көпчүлүк добуш менен Алмазбек Атамабев алдыга чыкты. Ага шайлоочулардын 63 пайыздан ашууну добуш берген. Ал эми Адахан Мадумаров 14,76%, Камчыбек Ташиев 14,33% добуш алышкан. Мадумаров жана Ташиев шайлоо жыйынтыктарын тааныбай тургандарын билдиришүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG