Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:30

БШКга добушканалардын баардыгынан маалымат келип түштү


БШКнын автоматташтырылган шайлоо системасына ылайык, ушул сааттарга карата жалпы 2318 добушкананын дээрлик бардыгынан шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу алдын ала маалыматтар келип түштү. Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу расмий маалыматтар жер-жерлерден протоколдордун түп нускасы БШКга келип түшкөндө чыгарылат. БШК мүчөсү Гүлнара Журабаеванын "Азаттыкка" айтымында, ушул убактарда төрт протоколдун түп нускасы келип түшкөн.
БШКнын автоматташтырылган шайлоо системасына ылайык, биринчи орунда 63,19 пайыз менен Алмазбек Атамбаев, андан соң Адахан Мадумаров 14,76%, Камчыбек Ташиев 14,33%, Темирбек Асанбеков 0,92%, Турсунбай Бакир уулу 0,87% добуш алышкан. Бул маалыматтар шайлоо системасына келип түшкөн алдын ала гана маалымат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG