Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

ЕККУ: БШК толук кандуу ачык иштеген жок


Президенттик шайлоо маалында БШК толук кандуу ачык иштебегенин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) байкоочулар миссиясы билдиришүүдө. Алардын баяндамасына ылайык, БШК жыйындарын жабык эшик артында өткөрүп, кээде маалыматтарды чектеген. Бюллетендердин коопсуздугу боюнча көрүлгөн чаралар ачык айтылган эмес. Ошондой эле коопсуздук үчүн деген жүйөө менен бюллетендердин басып чыгарылышына байкоо салууга уруксат берилбегени айтылат.

ЕККУ байкоочулары өнүгүү катары шайлоочулардын тизмесин түзүүдө бирдиктүү системанын киргизилишин белгилешүүдө. Бирок коомчулуктун шайлоо системасына ишенимин арттырууну күчөтүү зарылдыгын билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар шайлоо бекеттеринде мыйзам бузуулар катталганы менен шайлоо таза өткөнүн кабарлап жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG