Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:56

Бишкекте кыйноо фактылары боюнча эки сот өтөт


Бүгүн Бишкек шаардык сотунда адам өлтүрүү боюнча 12 жылга эркинен ажыратылган эки адамдын соту каралат. Нарын облусунун тургундары Эркин Ниязбеков менен Гафар Үркүнбаевди өткөн жылы Бишкектеги Ленин райондук соту адам өлтүрүү фактысы боюнча эркинен ажыраткан. Бирок алар милиция кызматкерлери кыйнап, куру айыпты моюндарына илип коюшканын айтышууда.

Ушул эле күнү кыйноо фактысы боюнча Биринчи Май райондук сотунда алты милиция кызматкеринин үстүнөн сот иши жүрөт. Микаэл деген ат менен белгилүү болгон эстрада ырчысы Мирлан Даутовдун өлүмүнө шектүү деп, 24 жаштагы Эркин Турусбеков өткөн жылы май айында кармалган. Бирок Турусбеков милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын айтып, арыз менен сотко кайрылган болчу.

Адам укугун коргоо уюмдары акыркы жылдары Кыргызстанда тартип коргоо органдарынан ыдык көргөн, кыйноого туш болгон жарандардын саны өсүп жатканын белгилешүүдө. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG