Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Стамбулда Ооганстан боюнча конференция өтөт


Ооган жана Пакистан президенттери Хамид Карзай менен Асиф Зардари бүгүн Стамбулда сүйлөшүү өткөрүшөт. Жолугушууга Түркия президенти Абдулла Гүл да катышат. Түркия жетекчилиги сүйлөшүү тараптардын бири бирин айыптоосуна чекит коет деген үмүттө. Ооган расмий адамдары Талибан жана Хаккани топторун колдоодо деп Пакистанды күнөөлөшсө, Исламабад дооматтарды чекте кагууда. 3 лидер ушуну менен 6-ирээт бийик жолугушуу өткөрүшүүдө. Андан кийин Ооганстан боюнча ири регионалдык конференция башталат. Ага АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, Индиянын тышкы иштер министри Кришна, Германия, Франциянын тышкы мекемелеринин жетекчилери катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG