Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Келдибеков талапкерлерди ийри отуруп, түз кеңешүүгө чакырды


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков шайлоодон кийин өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу билдирүү жасады. Анда “эгерде өз маалында иштиктүү аракеттер көрүлбөй турган болсо, абал тез эле көзөмөлдөн чыгып, мамлекетибиз алдын ала болжогус кесепеттерге кабылышы да ажеп эмес” деп айтылат.

Келдибеков Жогорку Кеңеш гана учурда жападан жалгыз легитимдүү жана жалпы эл тарабынан шайланган бийлик органы экенин эскертти.

Төрага тезинен алдыңкы орундарга чыккан талапкерлерди жана парламенттик фракция жетекчилерин ийри отуруп, түз кеңешүүгө чакырды. Максат – шайлоодон кийинки абалды жана өлкөдө тынчтыкты, коомдук тартип менен туруктуулуктуу сактоо.

Соңку алдын ала маалыматтар боюнча, 30-октябрда өткөн шайлоодо Алмазбек Атамбаев жеңишке жетти. Андан кийин дээрлик 50 пайыз артта калуу менен Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев келатышат. Мадумаров да, Ташиев да шайлоонун жыйынтыгына макул эмес экенин айтып, алардын Ош жана Жалал-Абаддагы тарапкерлери кечээ нааразылык акцияларын өткөрүштү. (RK)

XS
SM
MD
LG