Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Бишкекте роза гүлдөрүнөн тизмектелген РАХМАТ деген сөз жазылды


Бишкекте, президент Роза Отунбаева отурган административдик мекеменин алдында бүгүн эртең менен жалаң роза гүлдөрүнөн чогултулуп жазылган СПАСИБО (РАХМАТ) деген сөз пайда болду. Бул ыраазычылык акциясы президент Роза Отунбаева үчүн уюшулганын "Азаттыкка" жаш интернет колдонуучулар, блоггерлер айтышты. Алардын бири Сергей Макаровдун айтымында, мунун менен алар Роза Отунбаева Кыргызстандын тарыхында президенттик бийликти тынч өткөрүп берип жаткан биринчи адам болгонуна рахмат айткылары келишкен. "Розага бирден роза" аттуу акция кечке чейин өтөт, ага каалагандар катыша алышат. Президент жана парламент мурдагы өкмөт үйүнүн имаратында олтурушат. 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы бийликтин кулашынан кийин өлкө жетекчилигине келген Отунбаеванын кызматтык мөөнөтү быйыл аяктайт. (EzK/RK)

XS
SM
MD
LG