Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ташиевдин тарапкерлеринин митинги 2-ноябрга жылдырылды


Жалал-Абад облбийлигинин алдында 1-ноябрда шайлоочулардын митингин өткөрүү бүгүн жамгыр жааганына байланыштуу эртеңкиге которулду. Бул тууралуу "Ата Журт" партиясынын юристи Рашит Сулайманов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, митингде президенттик шайлоону жокко чыгаруу талабы коюлат жана ал Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында уюштурулат.

Бирок митинг жана пикеттер демократиянын жышааны болгону менен мындай нааразылык акцияларынан эмгек акы, пенсия, жөлөкпулду көбөйтүү мүмкүн эместигин, тынчтык, ынтымак, күрдөөлдүү эмгек менен гана өлкө экономикасы жакшыраарын айтып, митингге кошулбастыгын билдирген
жарандар да болду. Бул тууралуу кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирет. (YA)

XS
SM
MD
LG